Акыйкатчы институту 2027-жылды майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жылы деп жарыялоону пландап жатат
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо маселесин көтөрдү. Ал бул көйгөйдү Курулуш министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Агартуу министрлигине жана Бишкек мэриясына бир нече жолу билдиргенин айтты. Депутаттын белгилешинче, шаардык инфраструктура талапка жооп бербегендиктен, майыптыгы бар адамдардын жүрүп-турушу кыйын. Бул көйгөй улгайган адамдарга жана кичинекей балдары бар энелерге да тиешелүү. Акыйкатчы…


