Өлкөдө «Кыргыз спутник» ишканасы түзүлөт

Министрлер Кабинети «Кыргыз спутник» аттуу 100% мамлекеттик акционердик коом түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Кыргыз спутник экологиялык мониторинг, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, пайдалуу кендерди изилдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн иштейт. Уставдык капитал — 100 миң сом. Каражатты Каржы министрлиги бөлөт. Каракол шаарынан ишкана үчүн жер тилкеси бөлүү сунушталды. Токтом кабыл…

Кененирээк

Кыргызстандын сегиз ишканасы Кытайга продукция экспорттойт

2026-жылдын 12-февралынан тартып Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын сегиз ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызмат тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгында кабыл алынды. Кытай рыногуна продукция жеткирүүгө уруксат…

Кененирээк

“Кыргыз жайыт” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Айыл чарба министринин айтымында, түзүлгөн мекеме жайыттарды калыбына келтирүү, коргоо жана мониторинг менен алектенет. Болбосо жайыттардын кунары качып, мал-жандыктын көптүгүнөн табият зыян тартууда. Бакыт Төрөбаев жайыттарды коргоо үчүн малды азайтып, сандан сапатка өткөрүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Дыйкандарга асыл тукум малдын уругу бекер таратылып, породасы жакшы мал алам дегендерге 3%дык насыя берилүүдө. “Жайлоолорго биостимулятор…

Кененирээк

Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды

Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат. Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи. «БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири, ага кыргызстандык компаниянын кириши биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү», — деди Касымалиев….

Кененирээк