Статком:Кыргызстанда жашоо үчүн айына 9300 сом жетет

Улуттук статистика комитети ушул жылдын биринчи кварталына карата жашоо минимумун аныктады. Бул сумманын 6000 сому тамак-ашка, ал эми болжол менен 1500 сому салыктарды кошкондо азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектелет. Ошондой эле эмгек курагындагы жарандар үчүн орточо жашоо минимуму 1000 сомго жогору.Пенсионерлер жана балдар үчүн 1000–1300 сомго төмөн.

Кененирээк

Башкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылды

Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев 2025-жылы прокурордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирди. Анын ичинен 1,243 млрд сом акчалай, ал эми 33,584 млрд сом мүлк түрүндө өндүрүлгөн. Анын айтымында, бир жыл ичинде 24 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталып, 12 083 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген, 570 кылмыш иши козголгон….

Кененирээк

1,5 жылдан кийин уставдык капиталы 14 млн сомго жетпеген күрөөканалар жабылат

Минкабдын күрөөканаларга талапты күчөткөн токтомуна ылайык, ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү этап-этабы менен көбөйтүлөт. Учурда уставдык капитал 3 млн сомдон кем болбоого тийиш болсо, 1-июлдан тартып бул сумма 7 млн сомго, 2027-жылдын 1-июлунан тартып 14 млн сомго, ал эми 2028-жылдын 1-июлунан тартып 20 млн сомго жеткирилет. Ломбард ишинин субъектилерине алты айдын ичинде жаңы талаптарга ылайыкташуу…

Кененирээк

12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каражат төмөнкү багыттарга жумшалат: 2026-жылга республикалык бюджетте дагы 1 млрд 66 млн сом каралган. Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык окуу программасына 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын окуучулары өткөн.

Кененирээк