Иран Ормуз кысыгы боюнча айрым өлкөлөргө, анын ичинде Россияга жеңилдик берди

Москвадагы Иран элчиси Казем Жалалинин айтымында, азырынча достук мамиледеги өлкөлөр үчүн өзгөчө шарттар колдонулууда. Бирок бул чечим келечекте өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Тегеран мындай төлөмдөрдү АКШ жана Израилдин чабуулдарынан кийин коопсуздук чыгымдарына байланыштуу киргизүүнү пландаган. Учурда АКШнын деңиз блокадасы толук алынмайынча Ормуз кысыгы Иран тарабынан жабык экени айтылды.

Кененирээк

АКШ Оман булуңунан Ирандын кемеси кармалганын билдирди

Президент Трамптын айтымында, жүк ташыган Touska кемеси АКШнын блокадасынан өтүүгө аракет кылган. Экипаж токтобогондон кийин америкалык аскердик кеме анын машиналык бөлүгүн бузган. Иран бул окуяны мыйзамсыз аракет деп атап, жакында жооп берерин айтты.

Кененирээк

Иран Ормуз кысыгын жапканын кабарлады

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачысынын кеңешчиси, генерал Эбрагим Жаббари чечим бардык кемелерге тиешелүү экенин айтты. Ормуз кысыгы — дүйнөдөгү мунай жана газдын 18-20% өткөн жол. Буга чейинки эсептөөлөргө ылайык, Иран кысыкты бир айга жапса, Евробиримдикте газдын баасы 130%га чейин өсүшү мүмкүн. Анын жабылышы мунай жана газдан өндүрүлгөн башка товарлардын, анын ичинде авиаотундун да баасына…

Кененирээк

АКШ Иран жээктерине алтынчы кыйратуучу кеме жөнөттү

АКШ Ирандын жээктеринде аскерий катышуусун кескин күчөттү. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы 48 саатта аймакка АКШнын деңиз күчтөрүнүн алтынчы кыйратуучу кеме — USS Delbert D. Black жетти. Учурда Иранга жакын жерде толук аскерий эскадра жайгашкан. Анын курамында USS Abraham Lincoln аскер учак ташуучу кеме да бар. Бул Вашингтондун Тегеранга карата басымды күчөтүп жатканын көрсөтөт. Reuters…

Кененирээк