Эми мамлекет жарандардын салык карыздарын банктык эсептеринен түздөн-түз өндүрө алат

Экономика жана коммерция министрлиги салык карыздарын өндүрүү тартибине өзгөртүү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоорго ылайык, талашсыз же сот аркылуу тастыкталган салык карыздары жарандардын банк эсептеринен автоматтык түрдө кармалышы мүмкүн. Эгер эскертүүдөн кийин 30 күн ичинде карыз төлөнбөсө, Салык кызматы банктарга жана төлөм системаларына түз талап жөнөтө алат. Каржы уюмдары каражаттарды биринчи кезекте…

Кененирээк

Кыргызстанда митингдерди атайын белгиленген жайларда уюштуруу сунушталды

Кыргызстанда «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ 12-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Сунушка ылайык, митингдер жана акциялар атайын белгиленген жерлерде гана өткөрүлүшү мүмкүн. Бул жерлерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, митинг өтүүчү жерлерди жергиликтүү бийлик аныктайт жана катышуучулардын жүрүү багыттарын да бийлик белгилеши мүмкүн….

Кененирээк

Бишкектин 2050-жылга чейинки келечеги коомдук талкууга коюлду

Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору 23-февралга чейин коомдук талкууга чыгарылды. Документти шаар мэриясы даярдаган. Башкы план шаардагы функционалдык зоналарды жана маанилүү объектилерди аныктап, жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу багытын көрсөтөт. Ал өнүктүрүү программаларында, курулуш жана жерди пайдалануу боюнча чечимдерде эске алынат. Долбоордо башкы план жер мунапысынын объектилерине жайылтылбай турганы, ал…

Кененирээк