Көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер сатылып бүттү

Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер калбай калганын уюштуруучулар билдиришти. Финалдык оюнга 7000 билет 1000 сомдон сатылганы белгилүү болду. Учурда жер улак боюнча 6-сентябрга пландалган финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары алтын байге үчүн күч сынашары белгилүү болуп калды. Ал эми көк бөрү боюнча финалчылар алдыдагы оюндардын жыйынтыгында аныкталат.

Кененирээк

«Намыс» командасы Көк бөрү турниринде чемпион болду

Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште жогорку лигада Нарындын «Намыс» командасы алгачкы жолу жеңүүчү болду. Финалдык беттеште теңир тоолуктар Таластын «Ынтымак» командасын 4:3 эсеби менен жеңип алды.Нооруз турнирин тогуз жолу уткан «Ынтымак» командасы көп жылдан бери алгачкы жолу биринчиликти алдырып жиберди. «Ынтымактын» негизги атаандашы болгон «Достук» командасы быйыл мелдештен четтетилген эле.Жогорку лигада 3-орунду…

Кененирээк

«Достук» командасы Ноорузга арналган көк бөрү турниринен четтетилди

Көк бөрү федерациясынын маалыматы боюнча 17-март күнү «Достук» менен «Мурас» ойноп жатканда командалардын ортосунда жаңжал чыккан. Тартип комиссиясы видео материалдарды карап чыгып, Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын сунуштамасын эске алуу менен командаларды Нооруз турниринен четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Бир тууган Ниязовдор ойногон «Достук» клубу көк бөрү боюнча Кыргызстандагы эң күчтүү эки команданын бири.

Кененирээк