Президент жаңы авиакомпанияларды каттоого киргизилген мораторийди алды
Мораторий 2024-жылдын ноябрь айынан бери күчүндө болчу. Ал коопсуздукту көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча иш-чаралар аяктагандан кийин алынды. Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 6 авиакомпания иштеп жатат. Ал эми дагы 15 авиакомпаниянын сертификаттары жокко чыгарылган. Жарлык расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.


