Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация дарагы отургузулду

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык Курманжан датка көчөсүндөгү буга чейин жашыл аймак жок болгон жолдун эки…

Кененирээк

Кыргызстан Ташкентте салык реформаларынын ийгилиги менен бөлүштү

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумуна катышты. Форумдун башкы темасы — көмүскө экономика менен күрөшүү жана салыктык башкаруунун заманбап ыкмаларына өтүү болду. Кыргызстан бул багыттагы өз тажрыйбасы менен бөлүштү: ашыкча көзөмөлдөн баш тартып, санариптик кызматтар аркылуу ишкерлер менен…

Кененирээк

Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары өзүн атып алгандыгы кабарланууда

Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматтары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Маалым болгондой, милицияга 13-мартта саат 23:00 чамасында банкет залынын жанында токтоп турган унаанын ичинде бир эркек киши өзүнө ок атканы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам…

Кененирээк

Курманкул Зулушев мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 13-апрельде арыз жазганы кабарланган. БШК Зулушевдин арызын канааттандырып, аны мандатынан ажыратты. Курманкул Зулушев 10-округдан 11 миң 598 добуш алып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген.

Кененирээк

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды

Кыргыз эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Маркум 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган. Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу «Манас» эпосун проза түрүндө жазган. Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору. 1991–2012-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек…

Кененирээк

Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо улантылууда

Тышкы иштер министрлиги Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурууда. Эвакуациянын биринчи этабында жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. 13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды.

Кененирээк

Апрелде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Синоптиктер абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болорун билдиришти. Ал эми жаан-чачын норманын чегинде болору күтүлүүдө. Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн +1…+6 градустан +11…+16 градуска чейин, айрым түндөрү -2…-6 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +11…+16 градустан +20…+25 градуска чейин көтөрүлөт. Айрым күндөрү кайра +5 градуска чейин түшүп, кээде +32 градуска чейин ысышы божомолдонду….

Кененирээк

Саламаттык сактоо министрлиги жыл аягына чейин 200дөй Тез жардам унаасын сатып алат

Транспорттор Дүйнөлүк банктын каражатына алынарын министрдин орун басары Тилек Маматалиев билдирди. Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы министрликке 35 млн доллар (25 млн доллары — грант) бөлгөн. Каражат өлкөдөгү лабораториялык кызматтардын ишин борборлоштурууга жумшалат.

Кененирээк

Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

“Анын ичинде ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз”, — деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Маматалиев. Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин 3 айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Маматалиев…

Кененирээк

Эгемендүүлүк күнүнө карата Балыкчы–Кочкор темир жол линиясындагы Кочкор станциясын ачуу пландалууда

Бул тилкенин курулушу 2022-жылы башталган жана 1991-жылдан кийин Кыргызстанда курулуп жаткан биринчи жаңы темир жол тармагы болуп эсептелет. Узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы–Кочкор темир жол тилкесинин курулушу — бул «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын эгемендүүлүк жылдарындагы алгачкы ири долбоору гана эмес, Кара-Кече көмүр кенине бара турган келечектеги темир жолдун негизи болуп саналат. Белгилей кетсек, азыркы учурда…

Кененирээк