Кыргызстанда балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат

Чүй облусунун Арчалы айылында «Максат» реабилитациялык борборунун базасында заманбап реабилитациялык шаарча куруу пландалууда. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов борборго барып, курулуш каралган аймак менен таанышты. Долбоор ДЦП, аутизм, Даун синдрому жана өнүгүүсү кечиккен балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө багытталган. Шаарчада стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация бөлүмдөрү, 150 орундуу борбор, коррекциялык блок, ата-энелер жана медкызматкерлер үчүн жатакана,…

Кененирээк

Баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачылат

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиевдин катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анда баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды. Министр акыркы мезгилде синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата баштаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги…

Кененирээк