Кыргызстан Германияны санкциялар маселесинде тең салмактуу мамиле жасоого чакырды

11-февралда Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык күн тартиби боюнча сүйлөшүп, гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика жана туристтик инфраструктура тармактарында немис компанияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда Европанын санкциялык саясаты да өзүнчө тема болду. Кулубаев европалык өнөктөштөрдү бул маселеде конструктивдүү жана тең…

Кененирээк

Евробиримдик “Керемет Банк” менен “Капитал Банкка” санкция салууну сунуштады

Reuters чектөөлөр Россияга криптоактивдер жаатындагы кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу экенин жазууда. ЖМКлардын маалыматына караганда, санкцияларды айланып өтүүгө бөгөт коюучу механизмди ЕБ тарыхында биринчи жолу үчүнчү өлкөгө каршы колдонгону жатат.Жаңы чектөөлөр Кыргызстанга металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, маалымат берүүчү байланыш жабдууларын, тагыраагы, модемдер менен маршрутизаторлорду жеткирүүгө тыюу салат. Санкциялык тизмеге Лаостогу жана Тажикистандагы банктар дагы кириши…

Кененирээк

Европа биримдиги Кыргызстанга жаңы санкция салат

Евробиримдик «Орусияга учурдагы чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам бергени үчүн» деген негизде Кыргызстанга каршы санкцияларды киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, бул жолу Кыргызстанга карата санкцияларды кыйгап өтүүгө каршы чаранын атайын механизми колдонулушу мүмкүн. Негизинен өлкөгө станок жана радиоэлектрондук жабдыктардын ташылышына тыюу салуу каралып жатат.

Кененирээк