Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиевдин иши каралууда

Буга чейин саясатчынын жактоочусу Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатканын билдирген. Ташиев өзү отурумга келген эмес. Сот жабык болгондуктан журналисттер киргизилген жок. Ташиев менен бирге дагы жети адам айыпталууда. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган саясатчылар бар.

Кененирээк

Шаардык сот «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталгандарды актады

Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталып жаткандарды актаган чечимди күчүндө калтырды. 27-марттагы отурумда тараптардын жарыш сөзү угулду. Мамлекеттик айыптоочулар Кемпир-Абад ишин кароону кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнгөн. Ал эми айыпталгандар актоону суранышкан. 2022-жылы октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 адам — саясатчы, укук коргоочу жана активист кармалган. 2024-жылы Биринчи…

Кененирээк

Судьялык кызматка конкурстан талапкерлердин жарымы өтпөй калды

Сот адилеттиги боюнча кеңеш жергиликтүү соттордогу бош судьялык кызмат орундарын толтуруу үчүн өткөрүлүп жаткан конкурстун алкагында компьютердик тестирлөөнү жыйынтыктады. Маалыматка ылайык, жалпы 265 талапкер катышуу үчүн документ тапшырган. Алардын ичинен 4 талапкер сынакка киргизилбей, дагы 1 талапкер өз каалоосу менен баш тарткан. Компьютердик тестирлөөгө 138 талапкер катышууга мүмкүнчүлүк алган. Экзамендин жыйынтыгында 73 адам гана катышуучу…

Кененирээк