Ысык-Көлдө суунун сапаты текшерилип жатат
Кыргызгидрометтин адистери ар кандай тереңдиктен сыноо үчүн суу алышууда. Изилдөөнүн максаты — суунун учурдагы абалы тууралуу так жана объективдүү маалымат алуу, көлдүн экосистемасына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду өз убагында аныктоо. Мониторинг жылына эки жолу — туристтик сезон башталганга чейин жана аяктагандан кийин өткөрүлөт. Бул нерсе климаттын өзгөрүшүнөн, адам факторунун оорлошунан жана туристтик активдүүлүктүн өсүшүнон улам…


