Бегимай Асанова

Кыз-келиндердин спорттук беттеши

Оштогу мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканада эмгектенген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш өттү. Иш чараны Ош шаарынын мэриясы менен дене тарбия жана спорт комитети 8-март аялдардын эл аралык майрамынна карата уюштурган. Мелдеш 2024-жылдын 5-6-март күндөрү Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт залында жана “Ош шаардык теннис жана стол тенниси» спорт мектебинде болуп өттү.Майрамдык…

Кененирээк

Директорлор жаңы жобо менен шайланат

Эми мектептерде директорлук кызматка баруучулар эки жылдан кем эмес мөөнөттө директордун орун басары кызматын аркалаш керек. Бул боюнча министрликте атайын жобо иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Үмөталиева билдирди. Маалым болгондой, директорлукка талапкерлер эки баскычтуу сыноодон өткөрүлөт. Алгач тест тапшырышат, андан кийин алты айлык сыноо мөөнөттөн өтүшөт. Андан…

Кененирээк

КР парламенттик делегация Улуу британияга барды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт.Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго…

Кененирээк

Бишкекте дагы бир жылуулук борбору курулат

Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду иштеп чыгуу былтыр эле башталган, азыркы учурда долбоорго кол коюу алдында турат. Аталган жылуулук борбору Бишкекте көп жылдан бери иштебей турган «Айыл чарба машина куруу заводу» деген котельныйдын ордуна курулат. Ал болжол…

Кененирээк

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча эки тарап сүйлөштү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын курамында укуктук маселелер боюнча жумушчу топ да бар. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Баткен шаарында өттү. Анын алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын…

Кененирээк

Мамлекеттик Туунун 32 жылдыгы белгиленди

3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун кабыл алгынган күнүнө карата майрамыдык иш чара уюштурулду. Ага Ош шаарынын вице мэри жана шаардык кеңештин депутаттары катышты. Иш чара атайын кызматтын майрамга карата уюштурулган программасы менен коштолду. Эске салсак, Кыргыз республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кененирээк

Ош көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды

Ош көчөсүнүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жолду кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, жашоочулар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери да жүрдү. Мында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу тарабынан…

Кененирээк

Париждеги олимпиадада Махмудовдун атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дагы эки атаандашы белгилүү болду. Бул күндөрү Мексиканын Акапулько шаарында лицензиялык тандоо турнири өтүп жатат, жеңүүчүлөр Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. 77 кг салмакка чейинки категорияда олимпиадага жолдомону венесуэлалык жана кубалык балбандар алышты. Жалпысынан бул салмак боюнча Парижде 16 спортчу күч сынашат. Учурда Акжол Махмудовдо, Азербайжандык Санан…

Кененирээк

Кыргыз тил боюнча тесттке акы төлөнөт

Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдириди. Анын айтымында, тест жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында өткөрүлөт. Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги атайын буйрук чыгарган, ага ылайык кыргыз тилинен тест тапшыруу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайына тапшыра турган…

Кененирээк

Ош шаарын жашылдандыруунун үй айлыгы жарыяланды

Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында алдыда жасалуучу жумуштарга активдүү катышып, тазалоо жана жашылдандыруу багытына кайдыгер карабоо керектиги айтылды. Соңунда жооптуу кызматкерлерге тийиштүү талаптар коюлуп, жазгы үч айлык боюнча түшүндүрүү иштерин…

Кененирээк