Ош Пирим

Айтургандын өлүмү боюнча анын күйөөсү кармалды

25 жаштагы Маматкулова Айтургандын өлүмүнө шектүү адам кармалганын 31-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Ал маркумдун күйөөсү болуп чыкты. Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» менен шектелип, «тергөө учурунда чогултулган жана аныкталган фактылык маалыматтардын негизинде» кармалган.Айтурган 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Ал оор абалда медициналык мекемеге жеткирилген. Дарыгердин баштапкы корутундусунда…

Кененирээк

Оштун борбордук аянтында жаңы оргума ачылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында жаңы оргуманын жана сейил бактын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ачылыш онлайн режимде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болду. «Аталган курулуш шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Бул жерде 40ка жакын заманбап отургучтар, светодиоддор, 4 оргума, заманбап жарыктандыруу…

Кененирээк

Кыргыз-кытай достугун даңазалаган иш-чара өттү

Бишкекте кытайлык кыргыздар негиздеген «ЭТНОСТАН» маданий борборунун демилгеси менен «Миң жылдар мурастаган кыргыз- кытай достугу» аталышындагы иш-чара өттү.Саамалык Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына, Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун 70 жылдыгына карата уюштурулду.Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган роликтер көрсөтүлүп, Манас айтылып, күү чертилип, баяндама жасалып, эки…

Кененирээк

Эл аралык соода-логистикалык борбор ачылды

Бүгүн, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Нарын облусунда 10 объект ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинен бешөө социалдык обьект, бешөө өндүрүш ишканасы болуп саналат.Алардын бири Ат-Башы районундагы эл аралык соода-логистикалык борбору. Борбордун ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Ат-Башы районунун акими Эмил Абдыкадыров, Ат-Башы эл…

Кененирээк

Бир убакта 100 ишкана ачылды

Президент Садыр Жапаров 30-августта Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун ачылышына катышты. Ошондой эле өлкөдөгү жаңы курулган 100 обьекти онлайн ачууга старт берди. Алардын 40 өндүрүш ишканалары болсо 60 социалдык обьектилер.

Кененирээк

Саатына 80 тонна асфальт өндүрөт

Бул завод Ош облусунун Ноокат районунда ачылды.Бул Ишкананын артыкчыгы катары андагы 3 суу бассейинин атоого болот.Суу кампалары заводдогу түтүн, ыш жана ар кандай чаңды өзүнө сиңирүү менен экологияга зыян келтирбейт. Ошондой эле асфальттын жаңы түрү өндүрүлүп чыгарылат. Заводдон өндүрүлгөн продукцияны коңшу Баткен облусу да керектейт

Кененирээк

Өлкөдө жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-август күнү саат 16:14дө өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 2,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк

Милиция кызматкерлери заманбап жабдыктар менен камсыз болушту

Бүгүн, 29-августта Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун милиция кызматкерлерине заманбап планшеттер менен видео көзөмөл камералары тапшырылды. Бул туурасында Ош ОИИБинын басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү техникалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен алынды. Белгилей кетсек, өлкө боюнча 31-август Эгемендүүлүк күнү 15 миң милиция коомдук тартипти карайт. Ал эми Ош облусунун аймагында майрамдык салтанаттарда коомдук…

Кененирээк

Бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган

Бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган. Ош шаарында бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган адис кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда балдар…

Кененирээк

7 ай аралыгында казинодон бюджетке 129 млн сом түштү

Январь-июль аралыгында казинолордон бюджетке 129 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.Июль айында 21,6 миллион сом салык төлөнгөн.Жалпы оюн-зоок компанияларынан түшкөн киреше 136 миллион 88 миң сомго жетти.Финансалык көзөмөл агенттиги дагы бир казиного жана бир нече онлайн-казиного лицензия берди.

Кененирээк