Ош Пирим

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эки көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Алардын бири Жазы дарыясында, экинчиси Кара-Дарыяда жайгашкан. Жалпысынан жолдун бардык тилкелеринде 300 адам иштеп жатат. Ошондой эле 92 атайын техника тартылган.

Кененирээк

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна келди. Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы бир катар өнөр жай жана социалдык объектилерди кыдырат.

Кененирээк

Баланы атасы бакса, энеси алимент төлөш керек

Баланы атасы бакса, энеси тарабынан алимент төлөнсүн. Бул туурасында Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Улукбек Ормонов “Жарандык абалдын актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам үчүнчү окууда каралып жатканда билдирди. “Эгерде баланы атасы бакса, акчасын апасы төлөп берсин. Мындай учурлар азыркы тапта көбөйүп жатат. Жалаң эле энелерди айта бербей, аталарды да айтышыбыз керек. Тең…

Кененирээк

Баткен: Чек арачыларга курулган обьектердин ачылышына К.Ташиев катышты

Баткенде чек арачыларга бир катар обьектилер курулуп, аны тапшыруу аземине Камчыбек Ташиев катышты. УКМК жаңы ачылган объектилерди тизмектеди 2022 аскер бөлүгүнө бардык шарты менен жаңы штаб жана казарман курулган Аскер кызматкерлерине 32 батирдин ачкычы тапшырылган (былтыр 48 батир берилген). Дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үй салынууда. Ташиев аны жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырган Чек ара…

Кененирээк

Баткен облусунун башчысы Британиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Облус башчысы өз сөзүндө Баткен облустун приоритеттүү багыты чек ара маселесин чечүү, облус аймагында тынчтыкты сактоо, инвесторлорго жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аймактын экономикалык-социалдык дараметин жогорулатуу экенин белгилеп, кызматташуу багыттарын айтып өттү.Тагыраагы энергетика жаатында кызматташып, облус аймагында жайгашкан…

Кененирээк

Эреже бузган автоуналарды кабарлаган номур пайда болду

Жол эрежесин бузган автоунааларды кабарлоо үчүн күнү-түнү иштеген 0777 102-102 WhatsApp номуру ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. “Мындан ары автоунаалардын туура эмес жерге токтотуп койгон, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын көргөн учурда ушул номурга сүрөт жана видео тасмага тартып, жөнөтүп койсо болот”,…

Кененирээк

25-майда төрт миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Акыркы коңгуроо салтанатында мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мекеме ошондой эле ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды. Эске салсак, мектептерде Акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Быйыл 11-классты 73 миң окуучу аяктайт.

Кененирээк

Wildberries Кыргызстанга заманбап логистикалык борбор курат

Wildberries Чүй облусунун аймагында заманбап логистикалык борбор курат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кол коюу аземи күн мурун, 16-майда Татарстанда өтүп жаткан «Казань Экспо» эл аралык көргөзмө борборунун аянтында «Россия-Ислам дүйнөсү: Kazan Forum 2024» эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү. Меморандумга экономика министринин орун басары Назарбек Малаев, Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев…

Кененирээк

Бельгияда «Кыргызстандын маданий күчү: Манас эпосу»макаласы 3 тилде жарык көрдү

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги кыргыз элинин улуттук жана элдик чыгармачылыгын жана дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври болгон «Манас» эпосун жайылтуу иштерине өзгөчө көңүл бурууда. Элчиликтен билдиришкендей, жакында «Кыргызстандын маданий күчү: Манас эпосу» аттуу макалалар Бельгиянын бир нече журналдарында жана интернет булактарында англис, француз жана түрк тилдеринде басып чыгарылды. Макалада европалыктар үчүн кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасын,…

Кененирээк

3 жылда Сирия, Ирактан 517 кыргызстандык кайтарылды

2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жарандары жана балдары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкент шаарында өткөн Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Сирия жана Ирактан келген жарандарды мекенине кайтаруу президент…

Кененирээк