Ош Пирим

“Жооптуу бол!” бир айлыктын жыйынтыгы чыкты

«Жооптуу бол!» аталышында республикалык бир айлыктын алкагында февраль айында республика боюнча 18 жаштан жогорку курактагы 680 миңден ашык эркектер жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына барышты. Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет….

Кененирээк

26 миңден ашуун бала сүйүнчү пул алды

Үстүбүздөгү жылдын эки ай ичинде 26 миңден ашуун ымыркай бир жолку төлөнүүчү сүйүнчүпулун алышты. Ал үчүн мамлекеттик казынадан 105 млн.сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз…

Кененирээк

Өзбекстандык театр кыргызстандыктарга өзгөчө маанай тартуулашты

Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры Кыргызстанда гастролдо. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры шаар тургундарына жана конокторуна гала-концерт тартуулашты. Маданий иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстан…

Кененирээк

Өлкөдө сүт менен жумуртка өндүрүү өстү

Кыргызстанда 2024-жылдын январында мал жана канаттуулар көп багылып, сүт жана жумуртка өндүрүү өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылат.Январь ичи Кыргызстан 31,6 миң тонна мал менен тоок этин өндүргөн. Сүт 84,3 миң тонна өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5%га көп болгон. Ошондой эле жумуртка өндүрүшүндөгү көрсөткүч дагы өсүп, былтыркыга салыштырмалуу 15,3%га көп болгон….

Кененирээк

Бишкекте 124 айдоочу экзаменден кулады

Бишкекте 124 автобус айдоочусу жол эрежеси боюнча экзаменден кулап калды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди. Борбордогу жол кырсыктарын болтурбоо максатында Бишкек шаардык кайгуул кызматы менен мэрияга караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдүү өнүктүрүү агенттиги атайын экзамен өткөрүшкөн. Сынак «Унаа» мекемесинде жүргүзүлүп, ага 222 айдоочу катышкан. Жыйынтыгында 98 айдоочу экзаменден ийгиликтүү өтүп, калган 124ү кулап калган. Алар…

Кененирээк

Бишкекке көп функционалдуу турак жай курулат

Бишкек шаарынын 11-кичи районуна, көп функционалдуу турак жай комплексин курууга мезгил кутусу салынды. Иш чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жпаров катышты. Борбор калаадан аянты 9,64 гектар болгон жер тилкелеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилген. Демилге Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу максатын көздөйт. Минкаб башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдан…

Кененирээк

Өлкө башчы Орозо айы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаровдун Орозо айынын башталышы менен куттуктоосуКыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер!Кадырлуу мусулмандар! Сиздерди Ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын! Орозо – жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык…

Кененирээк

Битир садаканын өлчөмү бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2024-жылга карата битир-садаканын жана зекеттин баасын бекитти. Быйыл битир-садака бир киши башына 1,6 кг буудай (50 сом), мейиз (680 сом), ун (75 сом) же 3,2 кг арпа (85 сом), курма (850 сом) туура келет. Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Битир-садака ушул азыктардын биринин баасына барабар…

Кененирээк

“Куршаб” балдар бакчасындагы бөбөктөр майрамдык маанай тартуулашты

Өзгөн районуна караштуу “Куршаб” балдар бакчасында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата иш чара уюштурулду. 2-ортоңку тайпанын бөбөктөрү шаңдуу ыр майрам курушуп, ата-энелерге өзгөчө шаң тартуулашты. Бул тууралуу аталган балдар бакчанын тарбиячысы Тазагүл Якубова билдирди. Бакчада тарбияланып жаткан ар бир бала энелер жана жаз жөнүндө ырларды айтышып, майрамды шаңга бөлөштү. Иш чара, атайын даярдалган сахналык…

Кененирээк

Өлкө башчы электр энергиясындагы соңку абалга түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСиндеги реконструкциялоо үчүн 5-марттан тарта чектөө коюлганын маалымдады. Өлкө башчы Электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азайганын, электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи. Президент Токтотул ГЭСинен “суу сатылат” деген сөздөрдү четке кагып, андай мүмкүн эместигин, ал…

Кененирээк