5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Аламүдүн районунда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылына жакын жайгашкан 0,18 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 180 миң сомго сатылып кеткен. Көз карандысыз баалоо боюнча, аталган жер тилкесин ээликтен ажыратуу менен учурдагы рыноктук баасы 5…


