Ош Пирим

8 миң баш мал-жанды караган караган 26 малчы менен байланыш жок болуп жатат

Кечээ Толук айылынын тургундарынын ӨКМ менен бийликтен жардам сураган видеосу тараган. Алар 19-декабрдан бери жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, кыштоодо жете албай жатканын билдиришкен. “Алар тоютсуз, тамак-ашсыз калды. Байланыш жок, телефон тартпай жатат”, — деген жергиликтүү тургун. ӨКМ аларга кайрылуу түшкөнүн тастыктап, бүгүн Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү жолго чыгып кеткенин билдирди. Министрлик 7760 баш…

Кененирээк

Өлкөдө бир жылда 1 545 чакырым жол асфальтталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жол тилкелеринде асфальттоого чейинки ири жер иштери аткарылып, алар кийинки жылы асфальт басууга толук даярдалды. Министрликтин баштапкы планы болжол менен 1 миң чакырым жолду асфальттоо болгон. Жол куруучулардын…

Кененирээк

«Ош» аэропорту каттамдарын жандантты

«Кыргызстандын аэропортторунан» 1700 чакырымдай аралыктан көрүүгө мүмкүн болуп калгандыгын айтышты. Эске салсак, авиацияда учактардын коопсуз конуп-учушу үчүн минималдуу талап кеминде 800 метр болушу шарт.

Кененирээк

Энергетикалык вампир деген ким? Белгилери жана андан коргонуу жолдору

Энергетикалык вампир тууралуу түшүнүк Энергетикалык вампир — бул башка адамдар менен баарлашуу учурунда алардын эмоционалдык жана психологиялык энергиясын азайтып, чарчоо же терс абал жараткан адам. Мындай адамдар менен узак сүйлөшкөндөн кийин адам өзүн алсыраган, маанайы түшкөн же тынчсызданган абалда сезет. Бул түшүнүк көбүнчө психологияда колдонулат жана мистикалык көрүнүш катары эмес, эмоционалдык таасир катары каралат. Энергетикалык…

Кененирээк

АКШ грин-карт лотореясын ойнотууну убактылуу токтотот

АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт (Green card) лотереясын ойнотуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Американын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм X социалдык тармагы аркылуу билдирди. Анын айтымында, мындай чечимге Браун университетинде ок атууга шектелген Клаудио Мануэл Невеш Валенте 2017-жылы грин-картаны дал ушул программа аркылуу алганы себеп болду. Ноэмдин сөзүнө караганда, Валенте Кошмо Штаттарга Diversity Lottery…

Кененирээк

Айдоочуларга кулак кагыш! Ош шаарында Мамыров көчөсү убактылуу жабылат

Ош шаарынын Мамыров көчөсү (Алиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки аралык) 19-декабрдан 20-декабрга караган түнү түнкү саат 00:00дөн баштап унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Чектөө 2 күнгө созулуп, ишемби, жекшемби күндөрү бул жолдо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Муниципалитет убактылуу ыңгайсыздыкты эске алуу менен багытыңызда алдын-ала пландап алууну эскертет.

Кененирээк

2026-жылы айлык акылар этап-этабы менен жогорулайт

2026-жылы Кыргызстанда айлык маяналар эки этап менен көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, биринчи этапта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагынын жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгы кеминде 50 %га көтөрүлөт. Бул өзгөртүү 2026-жылдын башынан тарта ишке ашат. Экинчи этап 1-сентябрдан баштап жүргүзүлүп, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы 50 пайызга…

Кененирээк

Ашкана-кафелер жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайлар күтүүсүз текшерилиши мүмкүн

Ашкана-кафелерди жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү каралууда.Мыйзамга ылайык, жаңы ачылган ишканалар үч жыл бою текшерилбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан улам туристтик сезондо коомдук тамактануу жайлары көзөмөлсүз калып, уулануу жана жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдигин күчөтөрүн белгиледи. Ушуга байланыштуу эл тамактанган, медициналык кызмат көрсөткөн жерлерди текшерүүгө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Бакен Кыдыкеева атындагы театр 36 жылдан кийин жаңыланды

Бакен Кыдыкеева атындагы «Жаш көрүүчүлөр» театры 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы имарат толугу менен театрдын карамагына өткөрүлүп, 2024-2025-жылдары Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу креслолор менен толук жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр…

Кененирээк

Эртең мененки коюу туманга байланыштуу “Манас” аэропорту 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы алардын ичинен 7 рейс Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандарын Алматыга жөнөткөнүн билдиришти. “Саат 8:30дан тарта абал турукташып, “Манас” аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер Бишкекке кайтууда”, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк