Памирлик кыргыздар үчүн 82 миллион сомдук турак үйлөр курулду
Чоң-Алай районунун Буран-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн курулуп жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу бүткөрүлдү.Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82 миллион сомду түзөт.«Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду. Үйдүн…

