Ош Пирим

“Мир” картасы мындан ары Кыргызстанда иштебейт

“Мир” картасы Кыргызстанда 5-апрелден тарта иштебейт. Бул туурасында Банктар аралык процессинг борбору (“Элкарт” төлөм системасынын оператору) билдирди. Февралдын соңунда АКШ Россиянын “Мир” (“Улуттук төлөм карталар системасы” АА) карталарынын операторуна санкция киргизген. Кыргызстанда экинчи санкцияларды салуу тобокелчилигин азайтуу үчүн өз ара кызматташууну жана тейлөөнү токтотуу чечими кабыл алынганы белгиленди.5-апрелден кийин төмөнкү операциялар ишин токтотот: POS-терминал аркылуу…

Кененирээк

Өлкө аймагында мугалимдердин жетишсиздиги байкалууда

Өлкөнүн мектептеринде 650дөй мугалим жетишсиз. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерде көбүнчө табигый жана так илимдер боюнча мугалимдер аз экенин билдирди. Улуттук статистка комитетинин өткөн жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эки миллионго жакын баланы окутат. Эске салсак,Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан…

Кененирээк

Баткенде мунайды кайра иштете турган завод курулууда

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Завод быйыл июнь айында пайдаланууга берилмекчи. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө.Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи. Мунай иштетүүчү жайдын курулушу 2021-жылы башталганы айтылып, быйыл июнь айында пайдаланууга берилери кошумчаланды. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө….

Кененирээк

Балыктарды көбөйтүү аракети

Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлгө форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабактары жана сига-лудога балыгынын 5 миллион 750 миң даана чабактары кое берилди. Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калганын айыл чарба министрлиги билдирди. «Тоң балык өстүрүүчү…

Кененирээк

Бактылуулук боюнча Өзбекстан алдыңкы орунда

Өзбекстан Бактылуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 143 өлкөнүн ичинен 47-орунга жайгашты. БУУнун түзүмү Гэллап институту жана Оксфорд изилдөө борбору менен биргеликте даярдаган ар жылкы рейтингде быйыл Финляндия катары менен жетинчи жолу дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Мындан тышкары рейтингдин алдыңкы ондугуна Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерланд, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирсе, эң акыркы сапка…

Кененирээк

Билим берүү министрлигин экиге бөлүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бала бакча менен мектептерди өзүнчө, жогорку окуу жайлары жана илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал 20-мартта Улуттук илимдер академиясында сөз сүйлөп жатып айтты. «Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү,…

Кененирээк

“Жооптуу бол!” бир айлыктын жыйынтыгы чыкты

«Жооптуу бол!» аталышында республикалык бир айлыктын алкагында февраль айында республика боюнча 18 жаштан жогорку курактагы 680 миңден ашык эркектер жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына барышты. Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет….

Кененирээк

26 миңден ашуун бала сүйүнчү пул алды

Үстүбүздөгү жылдын эки ай ичинде 26 миңден ашуун ымыркай бир жолку төлөнүүчү сүйүнчүпулун алышты. Ал үчүн мамлекеттик казынадан 105 млн.сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз…

Кененирээк

Өзбекстандык театр кыргызстандыктарга өзгөчө маанай тартуулашты

Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры Кыргызстанда гастролдо. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры шаар тургундарына жана конокторуна гала-концерт тартуулашты. Маданий иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстан…

Кененирээк

Өлкөдө сүт менен жумуртка өндүрүү өстү

Кыргызстанда 2024-жылдын январында мал жана канаттуулар көп багылып, сүт жана жумуртка өндүрүү өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылат.Январь ичи Кыргызстан 31,6 миң тонна мал менен тоок этин өндүргөн. Сүт 84,3 миң тонна өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5%га көп болгон. Ошондой эле жумуртка өндүрүшүндөгү көрсөткүч дагы өсүп, былтыркыга салыштырмалуу 15,3%га көп болгон….

Кененирээк