Ош Пирим

Баткенде аялдар үчүн алгачкы жолу спорт комплекси курулду

Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорт комплекси Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерине курулган. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болуп саналат. Максаты жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана спорт менен машыгууларына шарт…

Кененирээк

Өзгөн айланма жолунун алгачкы этабы башталды

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Учурда дарыянын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Аны бекемдөөгө ӨКМ жалпысынан 26 техника бөлгөн. Жумуштун жүрүшү менен КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов жеринде кабар алып, тийиштүү тапшырмаларды берди. Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн…

Кененирээк

Баткенде уранды астында калган 2 кен казуучу куткарылды

Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» көмүр кенинде урандынын астында калган эки кен казууучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-январда Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында эки жумушчу урандынын астында калган. Жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.Кечээ жүргүзүлгөн издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.Кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы жана…

Кененирээк

Айдоочулардын эсине! Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болот

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирет. Тактап айтканда, Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат: Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).

Кененирээк

Өлкө аймагында жер титиреди

Кыргызстанда 5-январга караган түнү саат 00:51 де очогу 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк

Бишкек: майрамдан соң 4 тонна таштанды чыгарылды

Жаңы жылдык майрамдан кийин «Ала-Тоо» аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 6 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан. Белгилей кетсек, өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда, кишинин саны 15 миңдин айланасында чогулган жана…

Кененирээк

«102» кызматына чалган 6 жаштагы баланын кыялы орундалды

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине билдиришти. Анда 6 жаштагы Темирлан аттуу бала милициянын «102» кызматына телефон чалып, өзүнүн туулган күнүнө карата жашыл түстөгү оюнчук трактор жана милициянын унаасына түшүрүүнү суранган.Милиция жеткинчектин каалоосун аткарып, ал сураган белекти алып, милициянын унаасына түшүргөн. “Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын…

Кененирээк

Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан. Махмудов беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же…

Кененирээк

«Дордой» клубуна башкы машыктыруучу дайындалды

Орусиялык адис Максим Лисицын «Дордой» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футболдук лигасынан билдиришти. Келишим бир сезонго каралган. Кыргыз футбол союзу менен макулдашуу боюнча, Лисицын Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын (U-23) башкы машыктыруучусу кызматында калат.

Кененирээк

ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакциналарды сактоо үчүн 11 жаңы муздаткыч камера берди

ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакциналарды сактоо үчүн 11 жаңы муздаткыч камера берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, жабдуулардын жана монтаждын жалпы баасы 35 млн сомдон ашат. Бул объекттер Канада өкмөтү тарабынан вакциналардын коопсуз сакталышын камсыздоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында каржыланат. Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат. Бул жерлер Саламаттык сактоо…

Кененирээк