Ош Пирим

200 баланын “атасы” көз жумду

Сүрөт: Sputnik Кароосуз калган 200 баланы асырап алган Иса Өмүракунов каза болду. Бул тууралуу Нуриля Чолпонбаева аттуу фейзбук колдонуучусу жазып чыкты. Нуриля Чолпонбаеванын айтымында 200дөн ашуун бала атасыз калды. Жубайы экөө өлкө боюнча 200 же андан көп балдарды тарбиялап, жылуу мамиледе болушкандыгын, алар ар кайсы улуттагы, ар кандай курактагы балдар болушкан. Ошондой эле баары аны…

Кененирээк

Бишкекте 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт

Борбор калаада бүгүндөн баштап 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди. 31-декабрга чейин күнүгө саат 10:00дөн 17:00гө чейин болот. Ал «Ала-Тоо» аянтынын жака-белиндеги Киев — Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулган.Иш-чараны уюштуруунун максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агро-өнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада…

Кененирээк

Өлкөдө 11 айда 86 миңден ашуун сатып алуу келишими катталды

Кыргызстанда 11 айда Жер ресурстары кызматы 86 миңден ашуун сатып алуу келишимин каттады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Кызматтардын түрлөрү боюнча алсак:— кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча 420 555 бирдик катталган;— нотариалдык күбөлөндүрүүнү милдетүү талап кылбаган укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча 111 355 бирдик катталган;— кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүү боюнча 376 984…

Кененирээк

Автоунааларга милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотуу сунушталды

Кыргызстанда автоунааларга милдеттүү түрдө видеокамера орнотууну ИИМ сунуштады. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорунда жазылгандай бардык автоунааларда жазуучу прибор болушу керек. Бирок мында тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрү кошулбайт. Эгер долбоор ишке ашса мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Видео көзөмөл каттагычты автоунаа ээлери өздөрү сатып алышат….

Кененирээк

Энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн Кыргызстанда энергетиктер кесиптик майрамын белгилешти. Буга карата Энергетика министрлигинде атайын иш-чара уюштурулуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, ЖК депутаттары, бир катар министрлер, КРнын Аялдар конгресси жана энергетика тармагынын ардагерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика тармагындагы реформаларга жана алдыдагы жасала турган конкреттүү пландарга токтолду. Муну менен…

Кененирээк

Баткенде вакциналарды сактоочу кампа ачылды

Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу кампа ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.Имараттын ачылуусуна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында бүткөрүлдү.

Кененирээк

2024-жылы пенсия канча пайызга көбөйөөрү айтылды

Келерки жылы пенсия дагы жогорулайт. Ал үчүн 970 млн сом каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда. “2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, — деп кошумчалады ал.

Кененирээк

Өзгөн шаарына айланма унаа жолу курулат

Ош-Бишкек жолунун Өзгөн шаарына туура келген тилкеси эми шаарды аралабай сыртынан өтөт. Аталган тилкеге жол куруу ишин баштоо үчүн жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.Азыркы учурда Бишкек – Ош авто жолунда, Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу айланма жолду куруу зарылдыгы келип чыккан.Президенттин жарлыгына ылайык жолду куруу Министрлер Кабинетине 2024-жылдын…

Кененирээк

Айсулуу Тыныбекова “Дүйнөнүн мыкты балбаны”аталды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча аялдар күрөшүндө 2023-жылдагы “Дүйнөнүн мыкты балбаны” аталды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды. Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова бул жылы 3-жолу Дүйнө чемпиондугун, 5-жолу Азия чемпиондугун жана ошондой эле Азия оюндарында коло медаль жеңип алган. Натыйжада Айсулуу Тыныбекова 95 миң…

Кененирээк

2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 55 млрд. сом бөлүү пландалууда

Келээрки жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Министр маалымдагандай, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат. Ошондой эле Бакетаев 2023-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 26 млрд сомдон ашыгыраак болгонун белгиледи….

Кененирээк