Өлкө башчы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу катын жиберди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып…

Кененирээк

Россияда эмгектенген мигранттарга эскертүү

Россия мигранттарга көзөмөлдү күчөткөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.8-августта мигранттарды өлкөдөн чыгаруу тартибине жаңы укуктук режим киргизүү боюнча мыйзамга кол коюлган. Ал Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерге карата колдонулат. ТИМ Россиядагы кыргызстандыктарды өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убагында компетенттүү органдарга кайрылууга чакырат. Чектөөчү чаралар 2025-жылдын 5-февралында күчүнө кирет. Бирок ага чейин Россиянын аймагында…

Кененирээк

Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2 мектеп курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №125 Боболашкар мектебинин жана Өзгөн районундагы №57 А.Өмүрзаков атындагы мектептин жаңы имараттарынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, курулуш иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда. Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө туруштук берип, электр энергиясын үнөмдөйт. Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген мектеп…

Кененирээк

Маймыл чечек оорусун жугузуудан сак болуңуз

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталган жок жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы…

Кененирээк

Сузакта кармалган «инкарчылар» балдарын мектепке берүүгө ынанышты

Балдарын мектепке бербей, бейтапканага каттатпай койгон «Йакын-Инкар» уюмунун төрт мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартып, светтик жашоого макул болушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Сузакта экстремисттик идеологияны активдүү жайылткан 44, 52, 54, 58 жаштагы жарандар 29-июнда кармалган. «Алар ишенимдеринен улам үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол беришкен эмес. Жаза аткаруу кызматынын…

Кененирээк

Туркиянын 3 шаарында өрт чыкты

Туркиянын Чанаккале, Болу жана Маниса шаарларында 15 август туркиянын сааты боюнча 9:51 чамасында токойдон өрт чыккан. Чанаккале шаарындагы Эжеабад токоюнда өрт чыгып шамалдын натыйжасында күчөгөн. Токойго жакын жайгашкан “Анзак” көрүстөнү толугу менене күйүп кеткен. Аймакка жөнөтүлгөн куткаруучулардын 2 кызматкери жарат алып айрым кызматкерлер түтүнгө ууланган. Ошондой эле Туркиянын Болунун Гөйнүк районунда өрт чыккан.Өрттөн улам үч…

Кененирээк

Кыргызстандын аймагында жер силкинүү катталды

Бүгүн , 16-августка караган түнү Кыргыз-Кытай чек арасына жакын аймактарда жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык түнкү саат 3:23 тө жер силкинип, анын күчү үч баллга жеткен.Жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркасында, Бедел айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 133 чакырым түштүктө жайгашкан.Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок .

Кененирээк

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээледи

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу эркин курөш боюнча мыкты балбандардын дүйнөлүк рейтингинде 1-орунду ээледи. Аталган рейтингди Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) жанылап турат. Жумашбек уулу 19 400 упай менен 1-орунга чыкты, Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмактагылар арасында 4-орунду ээледи. Айаал Лазарев Париж Олимпиадасындагы 5-орундан кийин 7-орунга көтөрүлдү.

Кененирээк

АКШ: Өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранын тоноп кетишкен

АКШда өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп кетишкен. Окуя Лос-Анжелесте болгон . Жабыркаган Шайлообек Базарбай уулу топтошкон адамдардын бири анын машинасына бөтөлкө ыргытканын ,автоунаасынан чыкканда балдар аны тегеректеп сабап башташканын айтты .Өспүрүмдөр кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулунун бутун сындырып, жаңы машинасын талкалап, буюмдарын , паспорт, капчыгынан бери тоноп кетишкен.Бирок Лос-Анжелестин полициясы бул окуяга карата…

Кененирээк

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында 2-орун алган үчүн дагы 50 миң доллар алат

Ал Францияда өткөн турнирде 57 кг салмакта күмүш байгеге ээ болгон.Бул жыйынтыгы үчүн ал мамлекеттен 10 миллион сом жана Киа EV 9 үлгүсүндөгү автоунаа алган. Спортчунун жетекчиси жана жеке машыктыруучусу жана Олимпиадалык кураманын дарыгерлери да акчалай сыйлык алышты.Кошумчалай кетсек, Сейитбек уулу Эл аралык бокс федерациясынан дагы акчалай сыйлык алат.

Кененирээк