Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды
Жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдү каттоо 2024-жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыкты.Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт.


