Балбан Айсулуу Тыныбекова уулдуу болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова уулдуу болгонун жарыялады. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирген.

Кененирээк

Албаниядагы эл аралык мелдеште кыргыз балбандары эки коло медаль утту

Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирде Үзүр Жусупбеков менен Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду. Жусупбеков 97 килограмм салмакта күрөшсө, Бейшекеев 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Аталган мелдеште килем үстүнө Кыргызстандын атынан Акжол Махмудов, Улан Муратбек уулу, Курманбек Жапаров, Амантур Исмаилов, Ырыскелди Максатбек уулу жана Мелис Айтбеков да чыкты. Бирок байгелүү орундарга илешкен жок.

Кененирээк

Мээрим Жуманазарова Албаниядагы турнирде күмүш медаль тагынды

Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, алтын байге үчүн болгон беттеште болгариялык Юлиана Яневага 2:0 эсебинде утулуп калды. Дагы бир кыргызстандык балбан Гүлнур Таштанбекова 65 килограммга чейинки салмакта коло медаль тагынды. Ал индиялык Апекша Патилди 4:3 эсеби менен жеңип алды. MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турнири ушу тапта Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат.

Кененирээк

Албаниядагы мелдеште кыргыз балбандары коло, күмүш жана алтын медаль тагынды

Тирана шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде үч кыргыз балбаны байге алды. Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак ченинде чемпион болду. Ушул эле салмакта Залкарбек Табалдиев коло медаль тагынды. Ал эми Орозобек Токтомамбетов 74 килограмм салмак ченинде күмүш медаль алды.

Кененирээк

Кыргыз балбаны дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев UWWнин дүйнөлүк рейтингинде 70 кг салмак категориясында үчүнчү орунга чыкты. 25 жаштагы спортчуга бул көрсөткүч 2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатындагы жыйынтык боюнча топтогон рейтингдик упайлар алып келди. Ал мелдеште коло медаль уткан. Жаңыланган рейтинг UWWнин расмий сайтында жарыяланды. Акматалиев өз категориясында дүйнөлүк лидерлердин катарында калууда.

Кененирээк

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия биринчилигинде күмүш медаль алды

Япониянын Фукуока шаарында өткөн Азия чемпионатында кыргыз курамасы кросс түрүндөгү жарышта экинчи орунду ээледи. Командада Нурсултан Кенешбеков, Жусуп Сулайман уулу жана Тилекжан Жекшеналы уулу күч сынашты. Биринчи орунду Япония ээлесе, үчүнчү орунду кытай спортчулары камсыздады.

Кененирээк

Италияда кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды

Италияда өткөн 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө аяктады. Медалдык эсепте Норвегия курама командасы алдыга чыгып, жалпы 41 медаль жеңип алды. Норвегиялык спортчулар 18 алтын, 12 күмүш жана 11 коло медаль тагынып, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду АКШ курама командасы камсыз кылды 🇺🇸 Алар 12 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медаль…

Кененирээк

Кыргызстандык самбочулар Минск шаарындагы мелдеште эки коло медаль утту

Беларустун борборунда өткөн самбо боюнча эл аралык мелдеште эки кыргыз спортчусу байгелүү орундарды ээледи. Күжүрмөн самбо боюнча 98 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Кутман Кайыпбеков үчүнчү орунду алды. Ошондой эле 64 килограмм салмак ченинде килемге чыккан Саяк Бараканов да коло медаль тагынды.

Кененирээк

Дзюдочу Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль алды

Словениянын борбору Любляна шаарында Ljubljana European Open-2026 аттуу Европа кубогу өттү. Анда кыргызстандык Эрлан Шеров 90 килограмм салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль тагынды. Мелдеш 14–15-февраль күндөрү өттү. Ага 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.

Кененирээк

Бишкектеги Спорт ордосу толугу менен реконструкцияланып, инфраструктурасы кеңейтилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кожомкул атындагы Спорт ордосуна барып, аны терең заманбапташтыруу планын иштеп чыгууну тапшырды. Оңдоо учурунда имараттын фасадынын тарыхый көрүнүшүн сактоого өзгөчө көңүл бурулат, ошону менен бирге ички бөлмөлөр спортчулардын жана шаардыктардын заманбап муктаждыктарына толугу менен ылайыкташтырылат. Жыйында тармактык мекемелердин жетекчилери инженердик тармактарды жана залдарды жаңылоонун этаптарын талкуулашты. Долбоор ошондой эле заманбап…

Кененирээк