Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Бишкекте хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты. Алгачкы беттеште Кыргызcтандын командасы Гонконгдон келген атаандаштарын 4:1 эсебинде жеңди. Турнир 24-январга чейин уланат. Ага Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконгдун командалары келди.

Кененирээк

Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин айтты

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин билдирди. Ал жолдошу экөөнүн видеосун жарыялады. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Ал быйыл октябрь айында Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланган. Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирген.

Кененирээк

Суучул Денис Петрашов эл аралык турнирде күмүш медаль утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Техас штатында өтүп жаткан Pro Swim Series эл аралык турниринде күмүш медаль утту. Мелдеш 14-январда башталып, алгачкы күнү Петрашов 100 метр аралыкты брасс стилинде 59,55 секундда сүзүп өтүп, экинчи орунду ээледи. Турнир 17-январга чейин уланат, анын алкагында спортчу 50 жана 200 метр аралыкта да брасс стилинде күч сынашат.

Кененирээк

«Барселона» клубу «Реал Мадридди» утуп, 16-ирет Супер кубокко ээ болду

«Барселона» клубу Испаниянын Супер кубогун экинчи жолу катары менен жеңип алды.Турнир 8-12-январь аралыгында Сауд Арабияда өтүп, ага төрт клуб катышты. 12-январга караган түнү Жидда шаарында «Барселона» менен «Реал Мадриддин» финалдык оюну өттү. Анда “Барселона” 3:2 эсебинде жеңишке жетип, тарыхында 16-ирет Супер кубокту утуп алды. Голдор: Рафинья, 36-мүнөттө(1:0), Винисиус, 45+2 (1:1), Роберт Левандовски, 45+4 (2:1), Гонсало…

Кененирээк

Нурбек Валижонов чемпиондук наам үчүн рингге чыгат

Рекорду 5–0 болгон кыргызстандык боксчу Нурбек Валижонов карьерасындагы эң маанилүү беттештердин бирин өткөрөт. 29-январда ал Бангкок шаарында (Таиланд) профессионалдык бокс кечесинин алкагында Asian Boxing Federation уюмунун чемпиондук куру үчүн рингге чыгат. Валижоновдун атаандашы таиланддык мушкер Юттана Вонгда болот. Беттеш 102 кг чейинки аралык салмак категориясында өтүп, 10 раундга эсептелет.

Кененирээк

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Вьетнамдан утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы Вьетнамга жеңилип калды. Мелдеш 1:2 эсеби менен жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгүндө биринчи голду атаандаш киргизип, андан кийин кыргызстандык Марлен Мурзахматов эсепти теңеген. Оюндун экинчи бөлүгүндө вьетнамдык футболчулар дагы бир гол киргизишти. Беттеш Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы «Кинг Абдулла Спорт Сити» стадионунда өттү. Айта кетсек, Жиддада U-23 категориясындагы Азия кубогу…

Кененирээк

Кыргызстан футбол союзу менен Сауд Арабиянын футбол федерациясы келишим түздү

Кыргызстандын футбол союзу менен Сауд Арабиянын футбол федерациясы футболду өнүктүрүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу максатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Келишимге ылайык, 2026-2027-жылдары эки өлкөнүн кыз-келиндер жана жаштар курама командаларынын жолдоштук беттештерин өткөрүү пландалган.

Кененирээк

Токаев КМШ өлкөлөрүнүн президенттери спорттун кайсы түрлөрү менен алектенерин ачыктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Түркстан» гезитине берген маегинде КМШдагы кесиптештеринин физикалык активдүүлүгү тууралуу маалыматы менен бөлүштү. Анын айтымында, Орусиянын лидери Владимир Путин жакында Бишкекте өткөн бейформал иш-чарада жаш дзюдочу менен болгон беттеште өзүнүн күчүн көрсөтүп, физикалык туруктуулугун көрсөткөн. Азербайжандын президенти Илхам Алиев такай машыкса, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол ойнойт. Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев машыгуу…

Кененирээк

Бишкекте 2026-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты башталат

Борбор калаа 2026-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатын кабыл алат. Бул тууралуу Хоккей федерациясы маалымдады. 2026-жылдын 18–24-январь күндөрү «Бишкек Арена» муз аянтчасында шайбалуу хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (IIHF Division III-B) өтөт. Титул үчүн Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг курама командалары таймашат. U20 форматындагы бул турнир кыштын эң көп көрүүчүлүү спорттук окуяларынын…

Кененирээк

Бишкек 2026-жылы жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алат

2026-жылдын январында Бишкек алгач ирет 20 жашка чейинки оюнчулар арасындагы дүйнө чемпионатын (III B дивизиону) өткөрөт. Мелдеш 18-январдан 24-январга чейин жаңы «Бишкек Аренада» өтөт. Чемпиондук наам жана жогорку дивизионго көтөрүлүү укугу үчүн алты курама күч сынашат: 🔶 Кыргызстан🔶 Мексика🔶 Люксембург🔶 Түштүк Африка🔶 Иран🔶 Гонконг Турнирдин кожоюндары болгон Кыргызстандын курамасы алтын байгеге умтулат. Команда былтыр Таиланддагы…

Кененирээк