Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду.
Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү.Чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин барында тең жеңишке жетишти.
Кыргызстандын курама командасы Гонконгду — 4:1, Түштүк Африка Республикасын — 7:2, Иранды — 15:1, Люксембургду — 5:3 жана Мексиканы — 7:4 эсебинде утту.Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар мүмкүн болгон 15 упайдын барын топтоп, турнирдик таблицанын биринчи сабын ээлеп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону болду.
Алтын медалдарды багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезонунда дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.
