Кыргызстанда Burger King ачылат

Кыргызстанда белгилүү Burger King тез татым рестораны ачылат. Бренддин өлкөдөгү жалгыз филиалы Бишкектин жаңы аэропортунда — duty free зонасында жайгашат. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына берген эксклюзивдүү маегинде «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, ресторанды аэропорттун стерилдүү зонасына жайгаштыруу эл аралык брендге өлкөдө тармак жок болсо да иштөөгө мүмкүндүк берет. «Бул стерилдүү…

Кененирээк

Эттин баасын көтөргөн 178 адамга айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын көтөргөн 178 учурду аныктап, 668 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Женалы Орозбаев парламенттин жыйынында билдирди. Буга чейин уй эти 680 сомдон, ал эми кой эти 670 сомдон кымбат болбошу керек деген эреже кирген.

Кененирээк

Оштогу Тешик-Таш базары жаңы базарга көчүрүлөт

Таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Тешик-Таш базарынын аймагын жеринен көрүп чыгып, учурдагы абалы менен таанышты. Анын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жакынкы күндөрү базарды белгиленген талаптарга ылайык жаңы базарга көчүрүү боюнча тапшырма берди. Шаар башчысы базардын башаламан жайгашуусу жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, санитардык-гигиеналык талаптар сакталбай жатканын белгилеп, базардын…

Кененирээк

Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады

Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы шамал электр станциясы расмий түрдө жалпы тармакка алгачкы мегаватттарды бере баштады. Бул тууралуу «Жашыл» станциялар ассоциациясынын жетекчиси Кундуз Кырбашева билдирди. Шамал электр станциясы Балыкчы шаарында жайгашкан. Объект 100 мегаватт кубаттуулукка эсептелип, жылына 250 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Маалыматка ылайык, станция Ысык-Көл облусун энергия менен камсыздап, ашыкча көлөмү CASA-1000 эл…

Кененирээк

«Ош» базардын аймагы паркка айланып, «Кыялдын» ордуна оорукана салынат

Мындай маалыматты президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соодагерлер менен жолугушуу учурунда айтты. Соодагерлер 1-августтан калбай, жаңы курулуп жаткан базар толук даяр болгондо гана көчүрүлөт. Туманбаев шаардан жаңы базарга чейин каттай турган 180 автобус сатып алынганын кошумчалады.

Кененирээк

Бишкек мэриясы үчүн жаңы имарат курулат

Бул тууралуу вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Анын айтымында, долбоор 2020-жылы эле иштелип чыккан, бирок курулуш быйыл башталат. Жаңы объект муниципалитеттин азыркы имаратынын арткы бөлүгүндө, Киев көчөсүндө жайгашат. Иштер кийинки жумада башталат деп күтүлүүдө. Анда жер алдындагы унаа токтотуучу жай дагы каралат.

Кененирээк

Автоунааларды техникалык кароо Президенттин иш башкармалыгына өттү

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Чечим өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жолдогу коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынганы кабарланды. Жарлыкта ошондой эле, Президенттин иш башкармалыгына техникалык кароо кызматынын баасын туруктуу кармоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу жана ачык-айкын мамлекеттик каттоо системасын түзүү тапшырмасы берилди.

Кененирээк

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды

1-апрелге чейин декларация тапшырууга милдеттүү тараптар: -бюджеттен каржыланбаган ата мекендик уюмдар,-чет өлкөлүк компаниялар,-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. 1-майга чейин декларация тапшырат: -жеке ишкерлер жана патент менен иштегендер,-катталбаган юридикалык дыйкан чарбалары,-эл аралык уюмдарда жана чет элдик элчиликтерде иштегендер,-кирешесинен киреше салыгы алынбаган жеке жактар.

Кененирээк

Улан Примов: “Совет доорундагы жатакананы мектеп катары пайдаланышууда”

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын айтымында, Жоош айылында мектептин курулушу башталып, учурда токтоп калган. Натыйжада окуучулар совет доорунан калган жатакананы мектеп катары пайдаланууга аргасыз болууда. Депутат ушундай эле жагдай Кызыл-Тал айылында да орун алып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Улан Примов Октябрь, Кызыл-Тал…

Кененирээк

“Достук” көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Атайын кызмат аткаминер системалуу коррупциялык иштерге айыпталып жатканын кабарлады. Ал өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезек уюштуруп турган. Мындан тышкары, жетекчи ортомчулар аркылуу чет элдиктерден акча алып, Кыргызстанга тоскоолдуксуз киргизип турганы айтылды. Ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенгендерге колдоо көрсөтүп келгени белгиленди.

Кененирээк