Кытайдын Кыргызстандагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү

Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анын алкагында бүгүн Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушуусу болуп өттү. ИИМдин башчысы корсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун соңунда Улан…

Кененирээк

ИИМдин аскер кызматкери дүйнө чемпионатында коло медалга татыды

ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери Эржан Бексултанов GAMMA MMA боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.Мелдеш 8-10-декабрь күндөрү Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн. Анда Эржан Бексултанов 77 кг салмакта күч сынашкан. Ал 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы.

Кененирээк

Элдик курултай ардактуу конокторсуз өтөт

Быйыл Элдик курултайга ардактуу коноктор чакырылбайт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. Анын айтымында, иш чара маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот. Курултайга быйыл шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан –…

Кененирээк

Сузактан жыл аягында бензин жана битум чыга баштайт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жыл аягына чейин бензин жана битум өндүрүү боюнча ишкана курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди. Анын маалыматына ылайык, ишкана чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда, долбоор үчүн Барпы айыл аймагынан 2 гектар жер бөлүнүп берилген. Ишкана АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана битум өндүрүп чыгарат. Белгиленгендей, ишкананын 2023-жылдын аягында…

Кененирээк

Кыргызстанда нотариустарда бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт

Жакын арада Кыргызстанда нотариустар аркылуу бардык маанилүү бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.Анын айтымында, министрлик ушул жылдын аягына чейин жаңы тартип боюнча нотариустардын ишин даярдоону бүтүрүүнү пландоодо. «Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариустан манжа изин идентификациялоодон өтүп, бүтүмдү видеокамерага түшүрүү керек. Эми сиз тааныш…

Кененирээк

Президент кыргыз-тажик чек ара маселеси жазда чечилээрин билдирди

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 2024-жылдын жазында аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун Капчыгай айылында болгон жолугушууда билдирди.Айтымында, Тажикстан менен чек арага жаңы жылга чейин чекит коюу пландалган. «Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аяктап калдык, жаңы жылга чейин бүтөлү дедик эле, кичине созулуп жатат. Эми жазында бүтөт окшойт», — деди Садыр…

Кененирээк

SMM адиси, графикалык дизайнер курсун акысыз үйрөнүңүз

Бишкек шаарында SMM адиси, графикалык дизайнер, бухгалтердик жана чач тарач боюнча акысыз курстарга кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.Окуудан өтүүнү каалоочулар жашаган жери боюнча, райондук жумушсуз жарандарды каттоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Ал үчүн өздүгүн тастыктаган паспорт, эмгек китепчеси (эгер бар болсо) жана…

Кененирээк

Германиядан келген грантка 3 төрөт үйү жана кургак учукка каршы оорукана курулат

Эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдиргендей, 4млн 500миң евро гранттык каржатка Бишкек, Ош, Талас шаарларына бирден перинаталдык борборлорду, ошондой Бишкекке кургак учукка каршы оорукана куруу…

Кененирээк

Кыргызстанда ата мекендик брондолгон унаа чогултула баштады

Кыргызстандын курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасында биринчи ата мекендик “ГАЗ-66М” брондолгон унааны чогултуу башталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди. “Курулушу эки жыл мурда башталган бул базанын иштеп кетишине көбү ишенген эмес. Ал эми бүгүнкү күндө база толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетип, өлкөнүн өнүгүп келе жаткан биринчи аскердик-өнөр жай комплекси…

Кененирээк

Ош шаарында 2 көчөдө унаа кыймылы өзгөрөт

Бүгүн 11-декбарь Ош шаарында 17:00 дон тарта айрым көчөлөрдө унаа кыймылы өзгөрөт. Ага ылайык эми В. Ленин көчөсүнүн А. Навои көчөсү менен болгон кесилишинен баштап (болжол Ош облустук филармониясынан тарта) Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерине чейин жана Курманжан-Датка көчөсү В.Ленин көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап (болжол автобекет) А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагына чейинки жол бир…

Кененирээк