Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анын алкагында бүгүн Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушуусу болуп өттү. ИИМдин башчысы корсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков өлкөлөр ортосундагы көп жылдардан берки жылуу коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылат деген ишенимин белгиледи.
Өз кезегинде Ду Дэвень айым КЭРдин Кыргызстандагы Элчилиги эки тараптуу мамилелерди мындан ары жемиштүү өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.



