ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери Эржан Бексултанов GAMMA MMA боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.Мелдеш 8-10-декабрь күндөрү Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн. Анда Эржан Бексултанов 77 кг салмакта күч сынашкан. Ал 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы.

