Кыргызстан USDKG санарип валютасы менен глобалдык финансы рыногуна кирди

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоиндин алгачкы эмиссиясын ишке киргизди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, финансы министри Алмаз Бакетаев жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясынын жетекчиси Бийболот Мамытов катышты. Алар Tron түйүнүнө 50 млн даана USDKG токенинин чыгарылып, жүгүртүүгө берилгенин жарыялашты.Президенттик администрация USDKGнын ишке кириши Кыргызстандын дүйнөлүк каржы экосистемасындагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирди.

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер тарыхый жогорку деңгээлде экенин белгиледи. Ал темир жол жана автомобиль жолдорун куруу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ван И Кытай эки лидердин ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.Ал Кыргызстандагы кытай…

Кененирээк