Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер тарыхый жогорку деңгээлде экенин белгиледи. Ал темир жол жана автомобиль жолдорун куруу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ван И Кытай эки лидердин ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.Ал Кыргызстандагы кытай компанияларынын өкүлдөрүнө мыйзамды так сактоо жана өлкөнүн салттарын сыйлоо зарылдыгы жөнүндө маалымат берилип жатканын билдирди.


