
Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоиндин алгачкы эмиссиясын ишке киргизди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, финансы министри Алмаз Бакетаев жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясынын жетекчиси Бийболот Мамытов катышты.
Алар Tron түйүнүнө 50 млн даана USDKG токенинин чыгарылып, жүгүртүүгө берилгенин жарыялашты.Президенттик администрация USDKGнын ишке кириши Кыргызстандын дүйнөлүк каржы экосистемасындагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирди.

