Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 25-27-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчылар Садыр Жапаров жана Владимир Путин Бишкек шаарында Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту.Эртеси күнү “Ынтымак Ордодо” лидерлердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мындан кийин мамлекет башчыларынын кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү болду. Кыргыз-орус өз ара аракеттенүүсүнүн негизги маселелери, ошондой эле…
