Чет өлкөлүк номердеги автоунаалар экинчи жолу легалдаштырылбайт

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, коомчулукта легалдаштырууга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет деген маселе активдүү талкууланып жатат.

Бирок буга чейинки өнөктүк бир жолку акция болгону белгиленген.

“Мындай автоунаалар бажы төлөмдөрү төлөнбөстөн, мыйзамсыз схемалар аркылуу өлкөгө келген. Эмне үчүн мыйзамды так сактаган жарандар чыгым тартып, ал эми ташып кирүү тартибин бузган адамдарга жеңилдик берилиши керек? Ошондуктан кайрадан легалдаштыруу теңдик жана адилеттүүлүк принциптерине каршы келет”, — деген министрлик.

Эске салсак, легалдаштыруу былтыр 1-апрелден 30-сентябрга чейин жүргүзүлгөн. Бул аралыкта 30 миңден ашуун автоунаа каттоодон өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *