«Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда бир жарым-эки жылдын ичинде шамал станциясын ишке киргизүүнү пландап жатканын корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев билдирди. Бул туралуу Орусиялык маалымат басылмалары жазып чыгышты. Анын айтымында, долбоор график боюнча жүрүп жатат. Ал кошумчалагандай, тараптар курулуштун практикалык этабын башташкан.
«Биз шамал станциясынын долбоорун натыйжалуу ишке ашыра баштадык. Жабдуулардын айрымдары алынып келинди, кээ бирлери жолдо турат. Мен бардык келишимдик документтер толук текшерилгенден кийин, биз бул 100 мегаватты бир жарым-эки жылдын ичинде ишке киргизебиз деп ишенем”, — деп белгиледи Росатомдун жетекчиси.
Август айынын башында корпорация өкүлдөрү шамал электр станциясын куруу үчүн зарыл болгон алгачкы тетиктер жерге жеткирилип, ошону менен аны ишке ашыруу башталганын жарыялашкан. Бул долбоор россиялык мамлекеттик корпорациясынын шамал энергетика тармагындагы экспорттук долбоорлордун портфелинде биринчи болуп саналат.
Буга чейин InfoTEK басылмасы Кыргызстан менен Орусия энергетика жана жогорку технология тармагында биргелешкен долбоорлордун пакетин даярдап жатканын, анын ичинде электр энергиясынын жетишсиздигин жоюу боюнча да аракеттер көрүлүп жатканын маалымдаган.
Талкуулардын жүрүшүндө жылуулук электр станцияларын куруу жана атомдук электр станцияларын ишке киргизүү, ошондой эле литий-иондук аккумуляторлорду өндүрүүнү локалдаштыруу маселелери бар. Тараптар ошондой эле «Интер РАО Экспорт» компаниясы менен Бишкектен 100 км алыстыкта 500 МВт ТЭЦти (ЖЭБ) куруу боюнча иштешүүдө.

