Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2026-жылга карата жаңы келишимге кол коюлду.
«Келишим биздин экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлдү. Биз жөнөткөн сурамдар дайыма кабыл алынып, өз убагында аткарылып келет. Мурун Россия бизге жылына 1 млн тонна күйүүчү май жеткирсе, жаңы келишимге ылайык, бул көлөм 1 млн 200 миң тоннага чейин көбөйтүлдү. Россия тарап биздин сурамдарды 100 пайыз аткарып жатат», – деп белгиледи ал.

