Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 25-27-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчылар Садыр Жапаров жана Владимир Путин Бишкек шаарында Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту.Эртеси күнү “Ынтымак Ордодо” лидерлердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мындан кийин мамлекет башчыларынын кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү болду.

Кыргыз-орус өз ара аракеттенүүсүнүн негизги маселелери, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды.Садыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттануу билдиришип, өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге, ошондой эле Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасап, эки өлкөнүн жалпы максаты — жакынкы жылдарда өз ара соода көрсөткүчтөрүндө 5 миллиарддык чекке жетүү экенин билдирди.

Андан ары ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларына «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды. Жогорку даражалуу конокторго «Кыргыз айылы» этнографиялык комплекси тааныштырылды. Өлкө лидерлери эртеси күнү Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышышты.

Мамлекеттик сапар аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда, Россиянын Президенти Владимир Путинди аэропорттон узатты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *