Кыргызстанда кытай капиталы бар жаңы банк пайда болот

КР Улуттук банкы «Алма Финанс Банк» ЖАКына лицензия берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучунун басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы банк улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүү укугуна ээ болду. «Алма Финанс Банк» 2025-жылдын 30-июлунда Юстиция министрлигинде расмий каттоодон өткөн.

Уюштуруучу документтерге ылайык, банк чет элдик капиталды тартуу менен түзүлгөн.
— уюштуруучулар — КЭР жарандары Ван Цюангань, Кан Цзяньлинь жана Лю Вэнь Чжун;
— башкармалыктын төрагасы — Ван Син.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *