2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 млн сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө “Айыл Банк” ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө.


Эске салсак, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен КР өкмөтүнүн колдоосунун негизинде “Айыл Банк”ААК аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, жалпы 13,7 млрд сомго 6 миң 617 даана техника берилген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *