Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамдарда маршруткалар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номерлүү автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» тейлейт.
№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.
№169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамда 14 автобус кызмат көрсөтөт.
Белгилей кетсек, бара-бара бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат.