1.Деңиз азыктары Деңиз азыктарынын крамында жаратылыштын табигый белоктору көп. Ошондой эле адамдын организмин витаминдерге байытуу менен жакшы сиңет. Мээнин иштөөсүн жакшыртат. Деңиз азыктарын көп колдонгон адамдар депрессияга,стресске аз кабылышат.

2.Жумуртка Ашказан жарасынын, панкреатиттин жана нерв системасынын бузулуусунун алдын алат. Бирок жумуртка көп жегенге болбойт. Жумасына 4-6 даана жумуртка жетиштүү.

3.Мөмө-жемиштер Ар кандай мөмө организмдеги картаюу процессин жайлатат. Алар кант диабети жана ашыкча салмак менен жабыр таркандар үчүн пайдалуу болуп саналат.

4.Буурчак өсүмдүктөрү Буурчак өсүмдүктөрү ачкачылыкты толук кандырат, керектүү энергия менен камсыз кылып, тамак сиңирүү процессин жакшыртат.

5.Дан азыктары Дан азыктарынын кабыгында адамдын организмине эң керекттүү болгон клетчатка, микроэлементтер, витаминдер камтылган. Ундан жасалган азыктарга караганда талкан,сулу акшагы сымал азыктарды көп колдонуңуз.

6.Жашылчалар Жашылчалар диета кармаган ар бир адамдын дасторконунда болушу керек. Кызгылт-сары жана кызыл жашылчалар өзгөчө пайдалуу деп эсептелет.

7.Зайтун майы Зайтун майына аш болумдуулугу жана ден соолукка тийгизген пайдасы боюнча эч бир башка тамак майы тең келе албайт. Организмден токсиндерди чыгарып, холестеринди азайтат, боордун ден соолугуна кам көрөт.
Которгон: Алтынай Гапарова
