29-январдан 2-февралга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчалардын 4 миң 500дөн ашуун тарбиячысы «Мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун кесипкөйлүгүн жакшыртуу» деп аталган окутуудан өттү.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бул окутуу модулу бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү илиминин жана практикасынын жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен иштелип чыккан.
Тренинг Билим берүү министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *