Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, иш-чара 1-4-февраль күндөрү Германиянын Берлин шаарында өткөн.
Көргөзмөдө Улуттук банктын экспозициясы «Тарыхый окуялар», «Кыргыз каганатынын доору», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары монеталарда», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары», «Улуттук музыкалык аспаптар», «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары», «Кыргызстандын Кызыл китеби» сыяктуу серияларда чыгарылган Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын чагылдырган банкноттор жана коллекциялык монеталар менен көрсөтүлдү.
Улуттук банктын бүткүл дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышуусунун максаты Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын улуттук валюта аркылуу көрсөтүү жана жайылтуу болгон.