Койдун эти Иранга экспорттоло баштады

Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майда 10 тоннага чукул тоңдурулган койдун этинин биринчи партиясы Иранга жөнөтүлгөн.
«Бардык продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү», — деп жазылган маалыматта.

Аптасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин, жалпы 1000 тонна койдун этин экспорттоо пландалып жатканын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *