Илим Карыпбеков дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

“Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик.
Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок аба ырайынын айынан, өмүр-жашоо сызыгына чейин келип, 8350-8400 метр бийиктикке чыгып, жете албай кайтып келдим. 4-5 күн даярданып, чоң сыноолордон өтүп, кайра аттанып, мунусунда жол ийгиликтүү болду. Бул текстти Эверест негизги жатагынан Катмандуга тик учак менен учуп баратып жазып жатам” , — деди ал.
Илим Карыпбеков дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверест чокусун багындырган 4-кыргызстандык жана 3-кыргыз болуп калды.
• Эң биринчи жолу 1997-жылы Кыргызстандар Дмитрий Греков Эверести багындырып тарыхтын бетин ачкан.

• 2021-жылы Эдуард Кубатов эң бийий чокуну багындырган алгачкы кыргыз болгон.

•2023-жылы Кыргызстандык ишкер Кадыр Сайдилкан «7 континентте 7 чоку» доолборунун алкагында альпинист катары Эверест чокусуна чыккан.

• 2024-жылы юрист, белгилүү медиа адамы Илим Карыпбековго багындырды.

Ал эми Эверест чокусун буга чейин багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов эң татаал Лхоцзе тоосуна кычкылтек колдонбой чыкты. Ал апрель айынан июль айына чейин Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап, кеткен. Чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, “сплит” режиминде жүргүзүлөрүн айткан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *