Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль 2 күмүш, 11 коло жеңишти.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп, 14 мамлекеттен келген 250 дөн ашык спортчулар катышты.
64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча жана спорттук самбо боюнча Адилет Кубаныч уулу 2-орунду ээлешти.
Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи. Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова 50 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.
Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
