Жалал-Абадда катталган жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады. Маалыматка ылайык, саат 06:50 чамасында Кочкор-Ата шаарынын Пионер көчөсү менен бара жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги даракты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу жана 18 жаштагы жүргүнчү көз жумган. Башкармалыктан кырсыкка айдоочу автоунааны башкара албай калгандыгы себеп болгонун кошумчалады.

