Өзбекстандын жана Египеттин жарандары Кыргызстандын миграция мыйзамдарын гана бузбастан элди мыйзамсыз дарылап дагы келишкен. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Алар Ош шаарында «Ойдин» клиникасын эч бир уруксат кагаздары жок уюштурушкан. Анда ички органдардын ооруларын диагностикалоо, фитотерапия, хижама, массаж жана башка кызматтарды көрсөтүшкөн.
